Menu

Айчүрөк Султанова, ырчы: “Гүлдөр мени сактап калды”

Бөлүшүү:

-Акыркы убактарда гүлдүн формасындагы шамчырак жасап сатуу бизнесин өздөштүрүп алдыңыз окшойт. Бул өнөрдү кимден үйрөндүңүз эле?

– Кичинемден эле кагаздан балатыларды, шарларды жасап, классты кооздоого көп аракет жасачумун. Ал кезде азыркыдай балатыларды кооздой турган жалтырактар жокко эсе болчу. Ошондуктан өзүбүз фантазиябыз менен ар кандай түрдөгү оюнчуктарды жасап кооздой берчүбүз. Бирөөгө белек катары өзгөчө нерселерди бергенди жактырып, оюма ар кандай нерселер келет, бирок кантип кандай жасайм деп түйшөлө берчүмүн. Мындан эки жыл мурун Совет көчөсүнөн аябай чоң жалтыраган сары түстөгү гүл жасалып турганын көрүп калдым. Анан ошол гүл оюмдан кетпей койду. Мен дагы ушундай гүл жасап алсамбы деп интернеттен издеп жүрүп таап, кандай жасаларын бир жума карап олтуруп, акыры керектүү буюмдарды алып келип, түн жарымга чейин бир гүл жасадым. Бирок окшошпой калды. Эртеси жумуштан кийин да интернеттен көрүп, кайрадан башка жасап баштадым. Ал кичине окшошо баштады. Жасалган гүлдүн материалы башкача болгондуктан магазиндерден издеп таппай убара болдум. Материалды кайдан табам деп ойлонуп жүрүп 2-3 ай өтүп кетти. Акыры “Дордойдон” керектүү материалды таап, өжөрлөнүп оңдоп-бузуп, кайра жасап отуруп окшоштура баштадым. Окшошкон сайын кызыгуум артып, бир жыл тынбай жасап, үйүмдү жалаң гүлгө толтуруп салдым. Жакшы жасалган гүлдөрүмдү досторума белекке бере баштадым. Аларга да жагып калды. Гүлдөн кийин шамчырактарды жасоону үйрөнүп жасап, соцтармактарга койсом буйрутма бергендер да чыга баштады.

– Ал өнөрүңүз чыгармачылыгыңызга терс таасирин тийгизген жокпу?

– «Өнөрлүү өлбөйт» эмеспи. Мен жумуштан чарчап барганда гүлдөрүмдү көрүп эс ала түшөм. Кайра-кайра карап, дагы кандайын жасап жиберсем деп, бир аз эле убактым боло калганда жалбырактарын жасап калам. Азыр залымдын ичи гүлгө толуп калган. Мен үчүн өткөн жылдар эң кайгылуу жылдардан болду. Эки бир тууганымдан, андан соң апамдан айрылып калдым. 1 жыл бою өзүмө келе албай жүрдүм. Өзүмдү алаксытуу керек эле. Ойлоно берсең чүнчүп да кетет экенсиң. Өзүмдү алаксытуу үчүн ушул иштер менен алек болдум.

– “Достор” тобу тарадыбы же чыгармачылыгыңыздар аксадыбы?

– Чыгармачылыгым 1 жылдай токтоду. Азадан улам ырдоого да чамам келген жок. Бир жыл ырдаган да, ыр жаздырган да жокмун. Бирок ошого карабай, мурда тартылган клиптер же концерттер теледен кетсе эле «туугандары өлүп жатса ырдап жүрөт» деген сөздөрдү айтып ушак кылышкандар да болду. Ал эми топ жөнүндө айтсам «Достор» тобу да чоң жоготууга учураганын жакшы билесиздер. Гүлбү Ороскул кызынан ажырап, баарыбыз мүңкүрөп калдык. Ошондон бери баарыбыз азыркыга чейин жаман болуп жүрөбүз. Концерттерде ырдап чыгып, ыйлап чыгабыз. Бул биз үчүн аябай оор болду. Топ тарабайбыз, Кудай буюрса эми жаңы ырларга киришип, кайрадан жанданып иштей баштайбыз. Айла жок жашоо улана берет экен…

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: