Menu

Метродогу кол салуудан жабыркаган тажик мигранты Орусияга каршы Европа сотуна даттанды

Бөлүшүү:

2016-жылы Москва метросунда жергиликтүү тургундун кол салуусунан катуу жаракат алып, бир көзүнөн ажырап калган тажик жараны Сулаймон Саидов Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, Орусия бийлигинен компенсация өндүрүп берүүнү өтүндү.

Быйыл жыл башында Тажикстанга кайтып келген Саидов мекенинде дагы дарылануусун улантууга аргасыз болуп жатканын билдирди. «Мен бул жакта дагы дарыланууга аргасыз болуп жатам. Мурдагыдай эле башым жана көзүмдүн айланасы ооруп жатат. Европа сотундагы даттануумда ден соолугума келтирилген зыян үчүн Орусия бийлигинен компенсация талап кылдым», — деди Саидов.

Былтыр Москванын Черемушкина райондук соту ага кол салган 61 жаштагы Сергей Царёвду бейбаштык беренеси менен айыптап, 10 жыл үч айга соттогон. Бирок Саидов анын иши «бейбаштык» эмес, «улутуна карап жек көрүү» беренеси менен каралышы керек болчу деп эсептөөдө.

«Орусия бийлиги адатта мындай кол салууларды улуттук жек көрүүчүлүктөн улам жасалган кылмыш деп баалоодон баш тартып коет. Себеби бийлик өзү коомдо чоочундарга карата жек көрүү сезиминин жаралышына шарттарды түзүп койгон. Ошондуктан улутчулдардын славян эместерге кол салуусу соттор тарабынан көбүнчө бейбаштык катары каралат», — деди «Жарандык көмөктөшүү» комитетинин башчысы Светлана Ганнушкина. Анын айтымында, Саидовго байланышкан бул иште полиция кызматкерлери аракетсиздигин жана шалаакылыгын көрсөттү.

​2016-жылы 8-апрелде Сергей Царев метронун вагону «орустар үчүн экенин» айтып, Саидов менен анын жанындагы тууганынын чыгып кетүүсүн талап кылган. Андан соң «ОСА» тапанчасы менен Саидовду курсагына жана башына аткан. Алган жаракатынан улам анын көзү көрбөй калган. Көзүнөн тышкары Саидовдун баш сөөгү дагы сынып кеткен. Дарыгерлер анын башына операция жасап, мээни коргой турган металл пластина коюшкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: