Menu

УКМК башчылыгына Кубанычбек Кадыров татыктуу

Бөлүшүү:

Идрис Кадыркулов өткөн жумада биометрикалык паспорттордун бланкаларын чыгаруу боюнча жарыяланган тендерден чыккан чуунун айынан өз арызы менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси кызматынан кетти. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова аны швейцариялык фирманын кызыкчылыгын коргоп чыккандыгы үчүн айыптаган. Бул жааттагы тергөөнүн объективдүүлүгүн камсыз кылуу ишаратында Идрис Кадыркулов ордун бошотту. Ошондон бери УКМК башчысы кызматына ким келери табышмак бойдон турат. Маалымдоо каражаттарында бул орунга аталган кызматтын төрагасынын орун басары Орозбек Опумбаевди, Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси Сагынбек Исмаиловду, тажрыйбалуу чекист Рустам Мамасадыковду, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди, анын орун басары, айтылуу “комиссар Каттани” Өмүрбек Суваналиевди, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевди “кудалап” жатышат. Бирок, бул орунга аты аталган адамдардан да татыктуу адам бар. Ал – Кубанычбек Кадыров. Эмне үчүн? Биринчиден, К.Кадыров президенттин коррупцияга каршы күрөшүнө жаңы дем бере алат. Буга Кадыровдун ИИМде министрдин орун басары болуп турганда Максим Бакиевге тийиштүү Агропродкорпорация башчылары 500 миң доллар пара сунуштуганда албай, мамлекетке накталай 180 миллион сом төктүрткөнү (ошондогу курс менен 4,5 миллион доллар) далил.

Экинчиден, эл ичинде дагы деле: “акулалар камалган жок, майда чабактар эле түшүп жатат торго”- деген сөз бар. “Акула” дешкени – Алмазбек Атамбаев. Мурунку жетекчи Идрис Кадыркуловдун дагы, өйдөдө аты аталган адамдардын дагы экс-президенттин күнөөсү далилденип турса дагы жоопкерчиликке тартууга духу жетпесин эксперттер айтышууда. Бул миссияны дал ушул биздин каарман аткара алат. Абакта Атамбаевдин жалган айыбы менен олтуруп, ошондо да позициясынан тайган жок. АШАга карата абдан олуттуу дооматтарды коюп, билдирүүлөрдү жасоодо. Мунун бирине да АШАнын жооп бергенге духу жетпеди. Анткени, К.Кадыров менен чогуу убагында революция жасашкан, элге чыгышкан, ал экс-президенттин көп кемчилигин билет. Каяша айткан күндүн эртеси дагы жаңы нерселер чубаларын билет, ошондуктан көздөрү алаңдап турат. Көрүнүп тургандай, “миң жылда бир келген кырсык” Атамбаевди кыргыз элине жасаган кыянатчылыгы үчүн андан коркпогон адам гана жоопкерчиликке тарта алат. Бул адам – Кубанычбек Кадыров.

Үчүнчүдөн, биздин каармандын артынан бир да жаман сөз ээрчиген эмес. Коомдогу кадыр-баркын кашыктап жыйнап келди. Мамлекетчил. Патриот. Кыргыз элине кызмат кыла турган, жетилип, бышып турган куракта. Иштин көзүн билет. Анын жетекчилигинде УКМК жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнөн шек жок.

Ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков биздин каарманды бул кызматка жылдырса – утуш аларына көзүбүз жетип турат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: