2019-жылдын 31-майында КР УКМК ККК тарабынан мурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кырзыз Республикасынын аймагына Казакстандан темир жол аркылуу чийкигаз конденсатынын компоненттери катары, милдеттүү салык төлөмдөрүсүз күйүүчү жана майлоочу материалдардын мыйзамсыз алып кирүү каналдары аныкталды.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө “Кант” темир жол станциясынан эки цистерна, жалпы көлөмү 120 тонна болгонкүйүүчү жана майлоочу материалдар кармалды.
Такталгандай, аталган кылмыштык схеманын түзүүчүлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына 2000 тоннадан ашуун күйүүчү жана майлоочу материалдар мыйзамсыз киргизилген.
Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ