Menu

Фото – ИИМ: Бишкектеги эски аянтта ШКУ мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүнү даярдоонун алкагында милиция кызматкерлери гарнизондук  саптык кароодон өтүштү

Бөлүшүү:

Бишкектеги эски аянтта 2019-жылдын 8-июнунда коомдук тартипти сактоого киришкен милициянын кезметтери менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу   ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара эл аралык мүнөздөгү (ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын саммити) иш-чараны өткөрүүгө арналды. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри
милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, министрдин орун басарлары,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин түзүмдүк башкармалыктарынын жана
кызматтарынын башчылары катышты.

Масштабдык иш-чарада гарнизондук саптык кароодон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, кайгуул-күзөт кызматынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Ички аскерлеринин кызматкерлери, ИИМдин академиясынын курсанттары, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери өтүштү.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин  белгилегендей, аталган иш-чара эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүүнүн алдында  милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өтүү үчүн ар дайым өткөрүлөт. Бул жолу гарнизондук саптык кароо эл аралык мүнөздөгү (ШКУнун саммити) иш-чараларды өткөрүүнүн алдында өздүк курамды күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу үчүн өткөрүлдү. Анткени, ШКУнун саммити өткөн күндөрү Бишкек гарнизонунун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшөт. Өздүк курамдын алдында ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев баса белгилегендей, ички иштер органдарынын алдында өлкөдөгү укуктук тартипти колдоодо негизги жоопкерчилик турат. Милиция ар убак коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыздап келет. Ар бир милиция кызматкери жарандардын укугун сактап,  мыйзамга ылайык аракеттерди көрүү керектигин дагы бир жолу кайталады. “Ар бир кызматкер жарандар менен баарлашууда сылык болуп, алардын арыздары менен кайрылууларына калыс мамиле кылып, балдарга, аялдарга жана кары
адамдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Андан сырткары, бизге Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн”-деп министр баса белгиледи. Ошондой эле, өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматы жана наамына жараша маалыматтардын ылайыктыгы боюнча кызматтык документтердин, кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номурлары менен төш белгилеринин, жетондордун бардыгы, кызматтык автоунаалар текшерилди.

Гарнизондук саптык кароонун аягында милиция кызматкерлери аянтта салтанаттуу марш менен басышып, андан соң коомдук тартипти камсыздоого өтүштү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: