Menu

Мамбетжунус Абылов, коомдук жана мамлекеттик ишмер: “Атамбаев камаларын сезип, элди Сооронбай Жээнбековго каршы козутуш үчүн далалат кылууда”

Бөлүшүү:

– Соттолуп жаткан К. Кулматов менен С. Исаковду атап туруп Жээнбековдорду кечеки жыйында Атамбаев «айбандар» деп келекеледи. Мындай келекеге Президент жооп кайтарыш керекпи?

– Кыргыздар «сасыган ооздон бүксүгөн кеп чыгат» деп коёт. Ошондуктан Атамбаев менен ажылдашуунун кереги жок. Мунун эки себеби бар. Биринчи себеби: Жээнбековдордун «айбандар» экенине караганда, Атамбаевдин «дөөдүр» экенине эл ишенет. Экинчи себеби: Дөөдүрлүк оорукчал адамга тийешелүү гана касиет болгондуктан, ата-бабаларыбыз деле дөөдүрдүн сөзүнө терикпей, ага каяша үн каткан эмес. «Атамбаев – бул, Бекболот Талгарбеков айткандай, кыргыздын башына миң жылда бир келген каргаша». Мунун кесепетин анын сүймөнчүктөрү көрө баштаганына биз бүгүн күбө болуп жатабыз.

– Эмне, Жээнбековдор сот аркылуу өздөрүнүн «Ар намысын» коргосо болбойбу?

– Сооронбай Жээнбеков сот менен алагды болбой, Атамбаев таңуулаган күнөөлөрдүн чын же жалган экенин эле биздин элге айкындап койсо жетиштүү болот.

– Келтириңизчи, алар кайсылар?

– Биринчи: Атамбаев ошол жыйында минтип айтты. Сооронбай мурда зоотехник, колхозго башкарма эле болгон. 2010-жылдан тартып ал обулус губернаторуна, парламент Төрагасынын бир тууган агасына, өлкө башчынын жакын досуна айланган деп. Ага кошумчалап, мен ага ишенип аны аппаратка, өкмөткө, өлкөгө да жетекчи кылдым деди. Ушулардын баарын айтып келип анан – Жээнбековдор менден кийин биздин өлкөдө экинчи адамдардан болушкан. Ошондуктан биздин өлкөдө кандайдыр бир кыңыр иш жасалса, алардын катышуусу жок жасалган эмес деп Атамбаев тастыктады. Бизде бүгүн кыңыр иш деп Атамбаев учурунда бийликтин узурпацияга учураганы, коррупция менен саясый куугунтуктун күчөгөнү бааланууда. Атамбаев болсо буга Жээнбековдор кошо күнөөлүү деп кепинин жеп жатат. Мунун чын же төгүн экенин Жээнбековдор элге билдирип койууга милдетүү.

Экинчи: Ошол жыйында Атамбаев каңкор Батукаевге да өтүп мындай деди. «Эч ким ишенбейт, эгер мени андан акча алып аны түрмөдөн бошоткон десе». Я сам всем давал денег. «Это Сооронбай Жээнбеков помешан на деньгах». Шайлоо мезгилинде ал 24 миллион доллар накталай акча төккөнүн угуп мен шок болдум. Ага 30 млн долларды Райим-миллион берген. Сооронбай Райим-миллионго «по уши обязан» болгондуктан ал бүгүн Матраимовдорду калкалап жатат деп эл алдында жар салды. Сооронбай Жээнбеков «жена Цезаря должна быть выше подозрений» деген принципти карманып ошол 30 млн доллардын чын-төгүнүн ачыктап бербесе өзүнө көлөкө түшүрүп алат.

Үчүнчү: Ачуусун токтото албаган Атамбаев «Мени Райимдин досу болгон дешет». Аны мен бир эле жолу көргөм. Мен бийликте турганда Ош бажысы же Раим-миллион тууралуу былыктар жөнүндө мага УКМКа бир да жолу маалымат берген эмес. Азыр Райимди мага каршы тукуруп жатышат. Анан аны өлтүрүп коюшу мүмкүн. Себеби ал Жээнбековдордун көп былыктарын билет деп да жар салды. Бу деген «Райим өлсө, Сооронбайдан көрсө» деген эле каалоо. Чындыгында анын өлүмүнө Жээнбеков эмес, аны тактан кулатууну эңсеп, «Бизге парламенттик башкаруу керек. «Это меньшее зло, чем Президент, в голове которого колхоз и Кокандское ханство. «Мы не колхоз Жээнбекова и не бараны». Эгер азыркы зөөкүрдүк, өзүм билемдик токтобосо, “Сооронбай, кет!” – деп чыгабыз. «Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол» деген талап коебуз. «Менин тарапташтарымды камакка алып жаткандыктан саясатчылар башын катып калышты. Не радуйся, что звонит колокол. Завтра он может звонить по тебе» деп, бир бололу деген маанидеги чакырууну ал ошол башын катып жаткан саясатчыларга да жолдоду. Ошондукган тийешелүү кызматтын өкүлдөрү, өлкөдө кооптуулукту күчөтүүгө далалат кылып жатканы үчүн, Атамбаевге эскертүү бериши абзел, ал эми Сооронбай Жээнбеков болсо, өзүнө шек жаратпас үчүн, өлкөдөн чыккан акчаларга анын тиешеси бар же жок экенин элге ачыктап бериши керек.

– Айтыңызчы, эмне үчүн Сооронбай Жээнбековду бүгүн Атамбаев «айбан», помешан в деньгах, может убить Раим-миллиона» деп каралап жатат?

– «На воре шапка горит» деген сөз бүгүн Атамбаевди элестетет. Ал жабык кармаган өзүнүн кыңыр иштери боюнча бүгүн тергөө жүрүп жатат. Атамбаев камаларын сезип, элди Сооронбай Жээнбековго каршы козутуш үчүн далалат кылууда. Болбосо анын тарапташтары «Сооронбай соруп жатат», «Сооронбай соруп коймок болду» деген жалган сөздөрдү карапайым элдин ичинде тымызын таратышпайт эле.

– Буга кандай чара көрүш керек?

– Сооронбай Жээнбеков өзүнүн максатын, тутунган идеясын ишке ашырыш үчүн аны колдогон биздин өлкөдө таасирлүү коомдук күч жаралыш керек. Анын жан жөкөрлөрү буга маани бере албагандыктан мындай коомдук күч бүгүн да бутуна тура албай жатат. Ошонун айынан Атамбаевдин ыплас сөздөрү Сооронбай Жээнбековго оңой эле жугуп жатат. Себеби ага кол-бут болуп бүгүн иштеп жаткан адамдардын бирөө кебетеге асылса, бирөө бажа, бала-чакага ыктап, бирөө пара алып кармалып, Сооронбай Жээнбековго болгон элдин ишенимин ирээнжитип жатат. Сооронбай Жээнбековдун ачык душманы бүгүн Атамбаев болсо, көмүскө душманы өзү тандап кызматка койгон эле өзүнүн кызматташ жан жөкөрлөрү болуп жатат. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековго каршы бүгүн эл Атамбаевди колдоп эмес, Сооронбай Жээнбековдун жан жөкөрлөрүнө каршы көтөрүлүшү мүмкүн.

Маектешкен: Акмат Жусупов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: