Menu

Турат Акимов, “Деньги и власть” гезитинин редактору: “Кыргызстан азыр банкрот абалында”

Бөлүшүү:

– Азыркы парламентке, системага, саясый абалыбызга эл нааразы. Кантип өзгөрөбүз? Кантип оңолобуз?

– Кыргызстаңды зор, чечкиндүү, кардиналдуу саясый өзгөрүү – реформага түртүш үчүн Соке тез арада 1993-жылкы Конституцияны этап-этап менен ишке киргизүүнү кабыл алышы керек. Болбосо элдик референдум жолу менен же ЖК шайлоо кодексине (бир мандаттуу) кошумча киргизүү зарыл. Ошондо гана кыргыз жеринде жаңы лидерлер, жаңы реформалар, жаңы бийлик түзүмү пайда болот. Башка аракеттердин баары чалажандык жана көз боёмочулук. Корко турган эч нерсе жок, Кыргызстан азыр банкрот абалында.

Бирок партмафия буга барары күмөн, анткени азыркы партдепутаттардын аброю нөл, алар элдин сыйынан кеткен. «Эл өз арасынан жаңы, ишеничтүү, тың адамдарды шайлап кетет, а биз талаада калабыз» дешип, булар мындай реформага жол беришпейт. А бийлик барабы? Бул чоң суроо.

Саясый кыянаттык көп партиялуу парламентаризмдин ичинде катылган, себеби, байлар үчүн бийликти басып алууга өзгөчө шарт түзүлгөн. Ошондо азыркы ЖКнын 90% курамы олигарх, байлар болуп калган. Капитализм доорунда акчасыз иш дегеле жүрбөйт, партия дагы түзүлбөйт. Схемасы мындай: байлар чогулат, орто кассага 50-100 миң доллардан таштайт, анан партия түзөт. Кийин шайлоодо ошол «жалпы кассаны» элге жана пиар үчүн чачат. Падышага өз акысын берет, анан ОПГ катары (олигархатно-партийная группа) болуп ЖКга келет.

– Бул тенденциянын терс жактарына токтолсоңуз?

– Бул тенденция коомдун ажырымын өтө кеңейтти жана каршылыкты күчөттү. Себеби, байлар өтө даражалуу чалакудай катмарына айланса, чортамандардын кыялдары жана армандары талаада калды. Көп партиялуу парламентаризм кыргыз элинин табиятына, дүйнө таанымына, салтына жана сезимге каршы. Себеби, курамы алдамай. Кыргызда жакшы накыл сөз бар, «же бай бол, же бий бол» деген. Бирок, биздин бий-манаптар мыйзамды да чыгарат, анын аткарылышын да көзөмөлдөйт, өкмөттүн тагдырын да бычат. Ар бир бутактарына өз фракция адамдарын тыгат, мамбюджетке кол салат, анан тендер-шмендер аркылуу бизнесин жандырат (откат, доля, акцияларга отурат).

Кыскасы, партсистеманын запкысын эл тартат. Анткени «ток бала ач бала менен ойнобойт», бул коомдун тубаса табияты ушундай. Акчаң жок болсо, сен миң акылдуу, миң ыймандуу, миң принципиалдуу, өрт бол – сенин таза жашоо, таза идеяларыңдын кереги жок. Сен партия башчысына кулдук урушуң керек, урбасаң «чык эшикке!».

Кошумча шайлоо аферасы БШК менен МКК компьютеринде бекитилген. Схемасы программисттин колунда. Тыянагы: эл мекенчилдерди шайлабай, партияга байлар уюгун шайлайт. Кыскасы, эл чоң митинг өткөрүп, бийлик алдына системаны өзгөртүү талабын коюш керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: