Menu

Гонконгдун өкмөт башчысы экстрадиция жөнүндөгү мыйзам ишке ашпай калганын жарыялады

Бөлүшүү:

Гонконгдун өкмөт башчысы Кэрри Лам кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорунун “өлгөнүн” жарыялады. Ал документ калк арасында нааразылык жаратканын, буга байланыштуу ишке ашпай калганын мойнуна алды.

“Рейтер” агенттиги кабарлагандай, Гонконгдун премьер-министри буга карабастан, мыйзам долбоорун токтоосуз түрдө чакыртып алуу жөнүндөгү демонстранттардын башкы талабын аткарган жок.

Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчыбай келатат. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элди нааразы кылган.

15-июнда жүз миңдеген киши катышкан демонстрациялардан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен күн тартибинен алынышы керек дешет.

1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы өз алдынча бойдон калышы керек деген шарт коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: