Өткөн шаршемби, 24-июль күнү Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Москвада болуп, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул жолугушуу бир топ талкууга жем таштап, айрыкча интернет тармагын да өтө актуалдуу болуп турган маалы. «Айдын башында Владимир Путинге президент Сооронбай Жээнбеков чуркап барып жолукса, 2 жумадан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чуркап барып жолукту. Биз эгемендүү өлкө болбой калдык. Бизди башка мамлекеттер башкарып калды» деген сыяктуу пикирлерди айткандар болууда.
Туура, Алмазбек Атамбаевдин чуркап барып жолукканына баарыбыз күбө болдук. Ал эми Сооронбай Жээнбеков учурдагы президент катары Владимир Путин менен, башка коңшу өлкөлөрдүн президенттери менен жолугушуп тураары айдан ачык да. Ошол эле учурда Владимир Путин так кесе жообун билдирбедиби. Атамбаевдин кол тийбести алынып жатканда расмий Кремль: «Кыргызстандын ички ишине кийгилише албайбыз» деген жообун айткан. Кечээ Владимир Путин дагы Кыргызстан менен Россия союздаш өлкө экенин белгилеп, мамлекеттин расмий бийлиги менен ар дайым кызматташууга даяр экендигин шардана кылып Кыргызстандыктарды Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды.
Демек, Алмазбек Атамбаевдин «чуркап» барганынан майнап чыккан жок. Эгер анын кылмыш иштери далилдене турган болсо башка өлкөнүн кийлигишүүсү жок эле Кыргызстандын мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартылаары бышык болуп калды…
Нургазы Айтмырзаев
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ