Бүгүн, 26-июлда саат 10:00гө УКМКга диндер аралык араздашууну козутуу фактысы боюнча азырынча күбө катары суракка чакырылган Никита Тарасенко суракка келбей койду. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы да тастыктады.
Азыр УКМКнын тергөө кызматы сүрөтчү Никита Тарасенкону экинчи жолу суракка чакыруу маселесин караштырууда.
Ал эми сүрөтчү Никита Тарасенко суракка чакыруу кагазын өз убагында алганын бирок бүгүн уктап калып, бара албай калганын билдирди. Анын божомолу боюнча УКМК суракка аны “Ош уюшкан кылмыштуу тобу” аттуу коллажы боюнча чакырып жаткан болушу мүмкүн.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ