Ош шаарынын Жапалак айылында 29-июль күнү Ош-Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу (аты-жөнү такталууда) маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
30-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу тартылып, саат 12:30да суунун деңгээли чоң болгондугуна байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.
31-июль күнү Суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдагы суу убактылуу токтотулуп, издөө иштери улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ