Бүгүн, 10-августта УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевдин үйүнө келишип, КСДПнын активисткасы Кундуз Ажибекованы да мажбурлап суракка алып кетишкен. Бул тууралу КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.
Кундуз Ажибекованы да 7-августтагы, Атамбаевдин үйүндөгү окуялар – массалык баш аламандык, 6 жоокердин барымтага алынышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап кетишкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ