Menu

Тажикстанда улут жана дин аралык кастыкты козутуу үчүн жазалар жеңилдетилет

Бөлүшүү:

Тажик бийлиги улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу үчүн каралган жазаны жеңилдетүүгө ниеттенип жатат. Учурда өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан даярдалган Кылмыш жана Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстерге сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөр парламент тарабынан каралууда.

Учурда өлкөдө бул беренелер боюнча айыпталгандар кылмыштын оордугуна жараша беш жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө соттолушат.

Тажикстандын Юстиция министрлигинин өкүлү Сарвар Холикзоданын билдиришинче, өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин үч учурда айыпталуучуга административдик кылмыш иши козголот: кылмыш алгачкы жолу жасалса, кылмыш коомго коркунуч келтирбесе жана айыпталуучу өкүнүчүн билдирсе. Калган бардык учурларда айыталуучуга карата кылмыш иши козголот.

«Тажикстан нормаларды эл аралык милдеттенмелерине ылайыктоо жана адилеттүү соттук териштирүүлөрдү камсыз кылуу максатында улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу үчүн каралган жазаларды жумшартууга ниеттенип жатат», — деди аткаминер.

Кылмыш жана Административдик укук бузуулар тууралуу кодекстерине сунушталган бул өзгөртүүлөр күчүнө кириши үчүн аны өлкө парламенти жактырып, президент кол коюшу керек.

Тажикстанда ондогон адам улут, аймак, раса жана дин аралык кастыкты козутуу айыбы менен камакта жатышат. Сунушталган өзгөрүүлөр кабыл алынса, интернеттеги лайктары, репосттору жана билдирүүлөрү үчүн, ошондой эле кастыкты козута турган баракчаларды таркаткандыгы үчүн соттолгон жарандардын көбү мунапыс боюнча эркиндикке чыгып же жаза мөөнөттөрү кыскартылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: