7-август күнү Кой-Таштагы окуяда ок тийип каза болгон жоокер Үсөн Ниязбековдун өлүмү тыкыр иликтениши керек. Анткени жөнөкөй ок сооттолгон кийимди тешип кете алмак эмес. Окуя боюнча азыр коомчулук ар кандай ойлорун ортого салышууда. Айрымдар Атамбаев атты десе, кээ бири жансакчысы аткан дейт. Жанында болгон аскерлер ок үйгө киргенде биринчи кабаттан тийген дейт. Анда Атамбаев үчүнчү кабатта эле. Кыскасы ким атканы далилдениши керек. Маркумдун артында төрт баласы калды. Апасы Өктөм Мамаева көп жылдан бери Санкт-Петербург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы болуп иштеп келет. Ал эми атасы Ош шааарында жашайт.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ