Menu

Кыргыз балбандары дүйнөнү таң калтырды

Бөлүшүү:

7-августтан 10-августка чейин Грузияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык турнир болуп өттү. Турнирде дүйнө элин таң калтырган көрүнүш орун алды десек жаңылышпайбыз. Дегенибиз бул турнирдин жеңүүчүлөрү кыргыз балбандары (экөө тең Талас облусунун кулундары) Каныбек Жолчубеков менен Жоламан Шаршенбековдор кыргыздын “улууга урмат, кичүүгө ызаат” деген улуу сөзүн даңазалашты. Эске сала кетсек экөө тең 60 килограмм салмак бирдиги боюнча күч сынашып, Грузия, Индия, Ирандан келген 7 балбанды чоң айырма менен утуп, финалга чыгышкан. Эки балбан тең Кыргызстандын намысын коргоп жаткандыктан, Жоламан Шаршенбеков инилик кылып, агасы Каныбек Жолчубековго жол бошотуп, аны менен финалда күрөшүүдөн баш тартты. Себеби, ал Жолчубековдон 10 жашка кичүү жана экөөнүн тең кичи мекени Талас. Мындай көрүнүш көпчүлүктү суктантты. Ансыз өлкөбүздө ошол күндөрү митингдер орун алып, олку-солку болуп турганда балбандар кыргыздардын урмат-сыйын ааламга даңазалашты. «Улууга урмат, кичүүгө ызаат” — деген ушул эмеспи. Ошентип, бул Эл аралык турнирде биздин эки балбан бүт дүйнөгө жакшы үлгү көрсөтүп коюшту. Азаматтар деп айткандан башка сөзүбүз жок! Бар болгула, кем болбогула, биздин элдин сыймыктары!

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: