Menu

Москвада Самат Курманкуловго кошумча анализдер дайындалды

Бөлүшүү:

Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловго кошумча анализдер дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөрдү. Операция болор-болбосу анализдер алынгандан кийин белгилүү болот.

11-августта Бишкекте Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда орусиялык дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин Самат Курманкулов Москвага которулган. Буга чейин башына эки жолу операция жасалганына карабай ал дагы эле комада жатат.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: