Menu

Спецназдын каза болгон жоокеринин үй-бүлөсүнө кандай жардам берилет?

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза тапкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын даярдыктагы жоокери Үсөнбек Ниязбековдун уй-бүлөсүнө кандай жардам бериле турганын мекеменин башчысы Орозбек Опумбаев маалымат жыйында айтты.

Ниязбеков атайын даярдыктагы бөлүктүн жетекчисинин орун басары болчу.

“Мен аны “Эрдик” мамлекеттик сыйлыгына көрсөтөм, көптөгөн кызматкерлер дагы көрсөтүлөт. «Улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Үсөндүн үй-бүлөсүнө 10 жылдык айлыгы эки жүз эсе көбөйтүлүп төлөнүп берилет. Анын үй-бүлөсүнө жардам берип, балдарынын жетилишине да көмөк көрсөтөбүз, бул биздин милдет», — деди Опумбаев.

Ниязбеков кызмат өтөп жүргқн маалда «Эрдик» төш белгисине ээ болгон. Андан тышкары, бир нече мамлекеттик жана мекеменин сыйлыктарын алган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

«Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, бир эле киши бир эле мамлекеттик сыйлык менен эки жолу сыйланбайт. «Эрдик» медалы киши каза болгондон кийин кызматтын аткарып жаткан учурда жасаган эрдиги, жеңиши үчүн берилет.

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда Ниязбеков көкүрөк тушка ок жеп каза болгон. 8-августта мурдагы президент багынып берип суракка алып келинген. Ушул эле күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтары делгендер «Ала-Тоо» аянтына чогулуп, аларды укук коргоо органдары күч менен кубалап тараткан. Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракаттарды алган.

Ал эми Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: