Menu

Маданият министрлигинин колдоосу менен “Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” иш- чарасы өтүп жатат

Бөлүшүү:

Токтоболо Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен “Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз!” аталышындагы иш-чара өтүп жатат. Иш-чараны “Бир адамдан – бир китеп” долбоорунун уюштуруучулары колго алып, “Китепкөй Ала-Тоо” өнөктүгүнүн алкагында жүрүүдө. Бул тууралу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Демилгелүү иш- чарага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Н. Ишекеев , Баткен облусунан келген КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жана белгилүү жаш акын Мирлан Самыйкожо жана шаар тургундары, жаштар катышып жатат.
“Биз быйыл КМШда эң көп китеп окуган өлкө болобуз, буюрса. Министрлик жаштардын пикеттин эмес китептин өлкөсүн куралы деген демилгесин колдоп жатат. Өлкөдөгү 1062 китепкана биздин министрликке караштуу эмеспи. Жаштар окуй баштады. Өсө баштадык, максаттарга жете баштадык. Рух байысын, акыл байысын”,- деп билдирди Н. Кадырбеков.
Спикерлер бүгүнкү ааламдашуу доорундагы китептин ролу жана орду, тийгизген таасири тууралуу мотивациялык сөздөрүн сүйлөштү.

Иш чаранын соңунда Ала-Тоо аянтында Кытай Эл Республикасында билим алып жаткан кыргыз студенттери топтогон каражатка алынган китептерди Кыргыз-Тажик чек арасындагы бир айыл мектебине тапшыруу аземи болду. “Пикетке эмес, китепке чакырабыз” деген ураан менен коноктор ачык асман алдында биргеликте китеп окуп акцияны жайылтуу ниетинде тарашты.

Ал эми бул долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен үзгүлтүксүз негизде Кыргызстан боюнча улана бермекчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: