Кечээ, 17-октябрда өткөн КСДПнын Бишкек аймактык уюмунун конференциясында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина аталган уюмдун төрайымы болуп шайланды.
Ирина Карамушкина бул конференция болоордо кээ бир катышуучуларга белгисиз адамдар келип, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери деп тааныштырганын, бирок депутат айым конференциянын катышуучулары коркпостон келгенин, жана аларды эч ким коркута албастыгын билдирген.
Эске салсак, бул кызматты мурун Албек Ибраимов ээлеген,бирок ал кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Алмазбек Атамбаевге жолдогон кайрылуусунда ал мындай оор мезгилде партиянын ишмердүүлугү токтобошу керектигин айткан.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ