Жаңы 2019-2020-окуу жылына биринчи класска 156 миңден ашык бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эң көп Жалал-Абад облусунан 25 миң 257 бала барып, эң аз Талас облусунан 10 миң 540 бала барат.
Чүй облусунан – 23,6 миң, Ош облусунан- 22 миң 210, Ысык-Көл облусунан – 15 миң 182, Нарын облусунан – 13 миң 982, Баткен облусунан – 11 миң 443 бала мектептен билим алууга аттанышат.
Өлкө боюнча жаңы окуу жылында 1-класстан 11-класска чейин жалпы 1 млн. 268 миң окуучу билим алмакчы.
Акыркы беш жылда окуучулардын саны шаар мектептеринде 25 пайызга, айыл аймактарында 14 пайызга өстү. Өлкө боюнча жалпы 2 миң 256 билим берүү мекемеси бар.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ