Menu

Сапар Исаковдун абалы кандай?

Бөлүшүү:

16-август күнү массалык маалымат каражаттарында УКМКнын абагында жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун саламаттыгы начарлап ошол күнү тергөө абагынан шашылыш түрдө Улуттук госпиталга жеткирилгендиги туурасында маалымат тараган. С.Исаковдун андай болуп калганын анын адвокаттары да билген эмес. Бул тууралуу жактоочуларынын бири Замир Жоошев Исаковдун абалы жөнүндөгү кабаралап жалпыга маалымдоо каражаттарынан укканын айтып чыккан эле. «Тергөө абагынын адиминстрациясы мыйзамды одоно бузган. Себеби мындай учурда эң биринчи бизге кабардар кылыш керек болчу» деген пикирин билдирген.

С.Исаков ооруканага жаткырылгандын эртеси дагы бир жактоочусу Нурбек Токтакунов: «Сапар Исаковдун абалы кечээкиден өзгөргөн жок. Өзүн начар сезип жатат. Жубайын жана жакындары менен жолугушууга азырынча уруксат берише элек.

Азырынча бир нерсени так айтуу эрте. Дарыгерлер текшерип жатышат. Оорусунун себеби аныкталгандан кийин кандайча дарылана турганы аныкталатн деген билдирүүсүн тараткан. Дарыгерлердин айтымында Сапар Исаков «омуртка артериясынын симптому» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Ал эми мурдагы күнү «Арrel.kg» маалымат порталы аркылуу Исаковдун мурунку кеңешчиси жана медиаэксперт Гүлнура Төралиева: «Сапар Исаков өзүн начар сезип жатат, керебеттен тура албайт, отура албайт, купкуу жана алы жок. Анын абалы жубайына да жакпай турат. Дарыгерлер айтып жаткан расмий диагноз көп суроолорду жаратууда. Өзү болсо баягысындай эле «баары жакшы» деп жатат. Аны жакшыраак текшерип чыгууларын суранам», – деп билдирип чыкты…

Анын эртеси КРнын саламатыкты сактоо министирлиги Сапар Исамв кайсы илдетке чалдыкканын тактап жаткандыгы тууралуу билдирүү таратты. Эми ага вертебралдык-базелярдык артерия системасынын оорусу деген диагноз коюлуптур. Жөнөкөй , тил менен түшүндүргөндө бул диагноз моюн кан тамырларынын кысылышы баш айланууга, ооруга алып келет дегендик экен. Аны менен бирге эле моюн омурткасы туштагы , остеохондроз диагнозу коюлганы айтылат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министирлигинин тараткан билдирүүсүндө С. Исаковдун абалы канааттандырарлык экен. Учурда Сапар Исаков Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө жатат.

Барыдан да жан сезимди ойлонткону, кечээ эле «Сапар Исаковго боштондук!» деп микрофондон үндөрүн катуу чыгарып жаткандардын үн сөзү жок термелип, кур дегенде куштун тилиндей болгон пикирлерин билдирип койгонго жарай албай жатканы.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: