Menu

Жалал-Абаддагы “Дина” түнкү клубунда Базар-Коргондук тургунду сабашкан Сузактык эки ээнбаш кармалды

Бөлүшүү:

9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» аттуу түнкү клубдун жанында, Базар-Коргон районунун тургуну 1993-жылы туулган Б.М.ди өзүнө бейтааныш балдар пикир келишпестиктен зомбулук көрсөтүп, уруп коюшкан. Натыйжада Б.М. денесинен жараат алып Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракетинин жүрүшүндө Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Б.М. окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдери далил катары алынып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жерде турган кызыл түстөгү заттар алынды. Алынган буюм далилдерге карата соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле, бул окуяга тиешеси бар делген атуулдардын өздүктөрү аныкталып,  жүргөн жерлери такталып, шектүү катары 2 жаран тергөөгө алынып келинген. Кечээ, 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-жылы туулган тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: