Menu

Кыргыз саясатында оппозиция жоголду

Бөлүшүү:

Юрист Жоомарт Жолдошев Кыргызстанда саясатта оппозицня жоголгонун жазып, өз пикирин билдирди. Ал бул туурасында: “Акыркы жылдардагы куугунтуктоолордун жана келерки жылдын шайлоосунун айынан Кыргызстандын саясатында оппозиция жоголду. Абдан төмөн кадрдык саясат, адистер, экономиканын төмөндөшү, инвесторлордун кетиши, эл аралык соттордогу утулуулар, чек арадагы кризис, коррупциянын күч алуусу, популисттердин көбөйүүсү, коомдун саясатташуусу жана биз күткөн реформа болбой жатат. Кыргызстандын өнүгүүсүнө саясий атаандаштык абадай керек. Бийлик дагы акылы жетсе ага кызыкдар болуусу керек. Саясаттагы күчтөрдүн, саясатчылардан жана саясатка аралашам дегендерден бири чыгып лидерлик сапатын көрсөтүп, коркпой, өзүн оппозиция деп жарыялап бийликке баасын бере алса, анда алардын эл тарабынан бир топ колдоо табаарына ишенем. Биз дагы, коомчулук – ал күчтү колдошубуз керек! Себеби саясий атаандаштык өнүгүүнүн инструменти. Момун болуп бийликтен үмүт этип, шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүп алсам деген абдан кооптуу көрүнүш” – деп белгиледи.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: