20-сентябрда Өзбекстандык “Улуттук электр тармагы” компаниясы “Da Afghanistan Breshna Sherkat” энергетикалык компаниясы менен келишим түздү. Ага ылайык Өзбекстандык компания Афганистанга “ал же төлө” деген талап менен 10 жылдык мөөнөткө электр энергиясын жөнөтөт.
Өзбекстан 2002-жылдан бери Афганистанга электр энергиясын жеткирип турган. Ошол убакыттан бери жөнөтүүлөрдүн көлөмү 62 миллион кВт сааттан жогорулаган.
Буга чейин келишимдер жыл сайын түзүлүп турган.
“Бул келишим 10 жылга эсептелди. Ал мезгилге карабайт. Жыл бою электр энергиясы жөнөтүлүп турат”- деди Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Шерзод Ходжаев. Анын сөзүнө таянсак, алгачкы жөнөтүү 4,2 млрд кВт саатты түзөт. Ал 6 млрд кВт саатка чейин өсөт.
Шерзод Ходжаев белгилегендей, “ал же төлө” формуласына карабай өзбек тарап афган кесиптештерине барып шарттарды жеңилдетип келген.
“Афганистандагы кырдаалды эске алып, алардын айып пул төлөбөшү үчүн жөнөтүүнүн ырааттамасын жеңилдетип алдык” – деп кошумчалады министрдин орун басары.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ