Menu

ИИМдин, облустардын ИИББ-ИИБдин борбордук аппараттарынын штаттык санын оптимизациялоонун экинчи этабы жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу, андан сырткары республиканын региондорунда коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан ИИМдин, облустардын ИИББ-ИИБдин борбордук аппараттарынын штаттык санын оптимизациялоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, бул элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу жана коомчулук менен иштиктүү диологду түзүү, жарандардын даттанууларына жана арыздарына өз убагында аракет көрүү үчүн жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар
Джунушалиев республиканын бардык региондоруна барып келди. Жергиликтүү калк менен жолугуп, милициянын аймактык жана райондук бөлүмдөрүнүн көйгөйлөрү менен жеринен таанышып, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын оптимизациялоо тууралуу маанилүү чечим кабыл алган. Борбордук аппараттардан оптимизациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында, тергөө кызматтарынын бөлүмдөрү, жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү, анын ичинде милициянын айылдык, шаардык бөлүмдөрү менен бөлүмчөлөрүн бекемдөө үчүн 262 бирдик, анын ичинен ИИМдин борбордук аппаратынан 118 штаттык бирдик берилди. Ички иштер органдарынын башкы тапшырмаларынын бири болуп региондорду бекемдөө жана өнүктүрүү эсептелгендиктен, андан сырткары, 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы мыйзамдар күчүнө киргенине байланыштуу тергөө бөлүмдөрү менен жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмдөрдүн ролу жогорулаган.

Өткөн жылга салыштырууда жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдүн ишинин оорлугу талданып, жаңы мыйзамдын күчүнө киришинде иштин оорлугу дагы жогорулаганы байкалган. Ушуга байланыштуу, республиканын ИИОнун аймактык бөлүмдөрүнө кошумча тергөө бөлүмдөрүн бекемдө үчүн – 95 штаттык бирдик, жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмгө – 99 штаттык бирдик берилди. Андан сырткары, жаңы мыйзамдарды ишке  ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин ИИББ-ИИБ, ШИИББдерде иликтөө боюнча башчынын орун басары кызмат ордун кайтаруу зарылдыгы жөнүндө чечимин аткарууда, республиканын ИИОнун бардык аймактык бөлүмдөрүн бирдиктүү ирээтке келтирүү максатында республиканын ИИББ-ИИБ-ШРИИБде эсепти иштегени ишинин көлөмүнө ылайык кайра бөлүштүрүү менен төмөнкүлөр киргизилген: ИИОнун сотко чейинки өндүрүш боюнча башчысынын орун басары кызматына – 68, ИИОнун башчысынын орун басары, ал Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы – 29 орун, ИИОнун башчысынын орун басары, ал ошол эле
убакта ИИОнун аймактык бөлүмдөрүнүн Криминалдык милиция кызматынын башчысы кызматына – 61. Оптимизациялоо боюнча иш ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун талдоонун негизинде жана ар бир кызматкердин функционалдык милдеттери менен ишинин оорлугуна жараша жүргүзүлгөн.

Ушунун негизинде республиканын ИИОнун бардык кызматтары менен бөлүмдөрүнүн, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн, жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчүлөрүнүн саны көбөйтүлдү. Баткен облусунун чек арага чектеш райондорунда абалды жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алуу максатында, 2019-жылдын башында жүргүзүлүп жаткан оптимизациялоонун алкагында Баткен ОИИБге кошумча -43 бирдик бөлүнүп, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн, жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчүлөрүнүн, тергөөчүлөрдүн, жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмдөрдүн, нөөмөт бөлүмдөрүнүн санын көбөйтүүгө берилди. Андан сырткары, Баткен ОИИБдин ички штаттык санынан кайрадан бөлүштүрүү аркылуу 28 штаттык бирдиги бар Баткен районунун Көк-Таш айылынын милициянын айылдык бөлүмү түзүлүп, чек арага чектеш аймакта коомдук коопсуздукту сактоо үчүн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылына жайгаштырылды.

Эске салабыз, 2018-жылдын августунда ИИМдин, облустук ички иштер башкы
башкармалыктарынын, башкармалыктарынын борбордук аппараттарынын штаттык эсебине оптимизациялоо жүргүзүлүп, жогоруда аталган аппараттардан -625 штаттык бирдиги, анын ичинен -34 жетектөөчүлүк кызматтык, ИИМдин аппаратынан-20, ИИББ-ИИБден – 14 кызмат орундары кыскартылып, аймактык бөлүмдөрдү, шаардык-айылдык милиция бөлүмдөрүн бекемдөөгө берилген. Жогорудагылардын негизинде милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн, жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчүлөрүнүн, нөөмөт бөлүктөрүнүн штаттык бирдиктери көбөйтүлүп, туристтик милиция бөлүмү, милициянын шаардык бөлүмү менен милициянын айылдык бөлүмчөлөрү түзүлгөн. Коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча комплекстүү чаралар өзгөчө мааниге ээ. Бул ИИОнун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күнү, ИИМдин, ИИББ-ИИБдин борбордук аппараттарынын санын оптимизациялоо жыйынтыкталды. Аталган багыт боюнча иштер мындан ары уланмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: