Menu

Ташкентте адамдарды алдап кеткен Human агенттигине каршы кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Өзбекстанда жарандарды ишке орноштуруу менен алектенген «Human» жеке агенттигинин директоруна каршы «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

16-сентябрда Ташкенттин Яккасарай райондук ички иштер бөлүмүнө 52 кишиден турган топ арыз менен кайрылган. Алар былтыр ноябрда «Human» агенттиги менен түзүлгөн келишим аткарылбай жатканына даттанышкан. Келишимге ылайык, агенттик алардын ар биринен 18-35 миллион сумдан (1800-3700 доллар) акча алып, Европа өлкөлөрүндө жумушка орноштурушу керек болчу. Бирок агенттик жетекчилиги аларды ишке орноштурбай, алган акчаларын да кайтарып берген эмес.

Буга байланыштуу өткөн жумада өлкөнүн Эмгек министрлиги агенттиктин ишин 10 жумушчу күнгө токтоткон. Мекеме агенттик жетекчилигинен бул убакыт аралыгында кардарлардын акчасын кайтарып берүүнү талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: