Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасында кыргыз-россия көп кырдуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон Сиздин чоң салымыңыз жана көңүл бурууңуз жогору бааланат.

Кыргызстан Россиянын эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого, кылымдар бою келаткан достук байланыштарына негизделген бекем жана туруктуу союздашы жана өнөктөшү болгон жана боло берет», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Россиянын келечеги үчүн болгон жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми көп улуттуу Россия элине болсо тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: