Алтынчы чакырылыштын депутаттары эки жагын карап элеңдеп турган кези. Өзгөчө КСДПчылар, атамекенчилер. Дегенибиз, 30 жылдык тарыхы бар КСДПны 3 күн башкарбай туруп тартып алган, бактысы тоодой Абдрахманов деген эрен экиге бөлүп ишпалдасын чыгарды. Ичинен иритип, интригага киргизип жиберди. Булардын келерки шайлоодо парламентке келерине шансы жоктой. Атамекенчилер да ушундай эле абалда. Себеби 2015-жылдагы шайлоодо 5 пайыздан кичине көп добуш ар кимдин аралашуусу менен Адахандын партиясы сары улакка чабылып, эптеп илингенин айтып эле жүрүшөт. Бул шайлоо мурдагыдан да оор, кала берсе акча самандай эле чачылат дешет саясатташып калган коом. Ошентсе да, коомдо акчага, кызматка, кызыкчылыкка алданбоо керек деген ураандар да жок эмес. Жаш жүздөрдү көргүлөрү келишээрин, жок дегенде ошолордон бир ирет үмүт артып көрүү керек экенин да каалагандар арбын. Мындай болгону менен коом ишенген ошол жаштардын айрымдары, алына, акылына карап эмес, эптеп эле эрмешип кетсем деген тилекте, күчтүү жана утуп келүүгө шансы бар делген айрым лидерлердин этегине эмитен намаз окуп, кошоматчылыкты кочуштап кылып, жеке кызыкчылыгын кылтыйтып жүргөндүгү, таза көпчүлүк ишенген бир топ жаштардын бетине көө жапчудай болууда. Эл тараза, эл сынчы эмеспи, андайларды араларына сиңирип алса, алдыга эмес, артка кетээрин алдыңкы “акулалар” деле сезбей койбойттур. Неси болсо да, эл эми эч нерсени алдатпас жагына ооп бара жатканы билинип эле жатыры.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ