Menu

Видео – Ырыс Окенова, режиссер: “КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу маданиятка кыянат кылганы үчүн жооп беришин талап кылам”

Бөлүшүү:

“КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу маданиятка кыянат кылганы үчүн жооп беришин талап кылам”, – деп билдирди бүгүн, 10-октябрдагы маалымат жыйында режиссер Ырыс Окенова. Анын айтымында жетекчилик ага кысым көрсөтүп жатат. Жетекчилик техникалык режиссерлорду чакырып, “Манасты ким тааныйт? “Манас” арагын рекламаланга эмнеге каршы чыгып жатасынар?”, деген суроосун мен өз кулагым менен угуп таңгалдым. Дегеле Жайнак Үсөн уулу маданиятка каршы чыккан адам. 25-сентябрдагы КТРКнын “Ким акыл” көрсөтүүсүндө “Манаска мамиле кандай?” деген суроо боюнча эртеси күнү КТРКда талкуу болгондо, башкы директору Үсөн Жайнаков мени да чакырып,деди. Жаныбызда режиссёр жана продюсер бар болчу. Мен уккан кулагыма ишенген жокмун”.
“Мен биринчи түшүнгөн жокмун. Андан кийин “канчалык тааныйт деп ойлойсуз?” деди. Мен ойлонуп туруп, уккан кулагыма ишенбей жалпы кыргызстандыктардын, кыргыз улуту гана эмес, эсепке алып туруп “Кыргызстандыктардын эч болбоду дегенде 95% Манасты тааныйт, билет. Биз Манасты сөз кылышыбыз керек, ал тууралу көрсөтүүлөрдү жасашыбыз керек” деп түшүндүргөнгө аракет кылдым. Бирок Жайнаков аны уккусу да түшүнгүсү да келбей, ачуулуу, орой мамилеси менен Галина Дудникова деген КТРКда 43 жыл иштеген режиссер эжеге “Сиз билесизби Манастын ким экенин?” деди. Ал эже орус улутундагы айым “Да, я знаю кто такой Манас, например у русских есть “Три богатыря”, а у кыргызов есть Манас” деп баратканда мага карап “Эмне үчүн “Манас арагын” сөз кыласыңар? Эмнеге аны талкуулайсыңар?” деп биздин бул теманы алып чыкканыбыз Жайнаковго жакпаптыр. Ошондон кийин кысымдар башталды. Ага чейин да ушул иш боюнча бир жагдай бар эле. Мен Манас боюнча ал кишинин көз карашын өз кулагым менен угуп, өз көзүм менен көрүп, ушул Манаска байланыштуу сөздөрдү уккандан кийин өз жыйынтыгымды чыгардым. Былтыр мен маданиятка байланыштуу сериал тарткам. Ошол сериалга КТРК эмнегедир кайдигер мамиле кылып келген. Ошондуктан мен арыз жазып жумуштан кеттим. Анткени Манаска болгон мамилени көргөндөн кийин башкасы тууралу ооз ачуунун кереги барбы? Былтыр 2018-жылы КТРК 23 бөлүктөн турган “Ак шоола” сериалын тарттык. Ал сериалды эл көргөн. Бирок ал сериалга мамлекеттин эсебинен 1 да сом бөлүнгөн эмес. Ал башынан эле рекламанын эсебинен деп тартылган.”, – дейт Ырыс Окенова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: