“Аыл-чарбасын каржылоо” долбоору боюнча коммерциялык банктар тарабынан 9 миң 861 жеңилдетилген кредит 4 млрд 933,9 млн сомго берилген. Бул тууралуу 15-октябрда Каржы министрлиги билдирди.
Алардын маалыматына ылайык, өсүмдүк өстүрүүгө 1 млрд 101,7 млн сомго 2 миң 812 жеңилдетилген кредит берилген, мал чарбасына – 2 млрд 613,1 млн сомго 6 миң 744 кредит. Мындан тышкары 1 млрд 219 млн сомго 035 жеңилдетилген кредит берилген.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын башынан бери Кыргызстандын ишкер субъектилери менен жеке тараптарга өсүмдүк өстүрүүгө, мал чарбасына, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жеңилдетилген пайызда (жылына 6,8 жана 10 пайыз) кредит берүү долбоору иштеп келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ