АКШнын мамкатчысы Майк Помпео 21-октябрда CNBC телеканалына маек берип: “Зарылчылык болсо, АКШ Түркияга каршы аскердик аракеттерди көрүүгө даяр”, – деди. Бирок АКШ президенти Дональд Трамптын күч колдонуу чечими эмнеден улам келип чыгарын, Анкаранын кандай аракеттери зарылчылык жаратаарын айтпады. Ошондой эле мамкатчы согуштан көрө тынчтыкты туура көрүшөрүн, эң биринчи кезекте дипломаттык куралдарды колдонушарын да белгилей өттү.
Эскерте кетсек, Түркия Сириянын түндүгүндө аскердик операция жасап, күрд жоокерлерине кол салгандан кийин Д.Трамп Анкара дагы бир жосунсуз жорук баштаса, Түркиянын экномикасын талкалап саларын айткан. 17-октябрда Анкара менен Вашингтон аскердик операцияны убактылуу токтото турууга макулдашкан эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ