Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков  Дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн Дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу дипломатиялык кызматкерлер жана ардагерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгын эл аралык аренада коргоонун  алдыңкы сабында турасыздар.

Кыргыз Республикасы прагматикалык, көп векторлуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп келет.

Биздин тышкы саясатыбыз өлкөбүздүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарын ишке ашырууга багытталган.

Биздин милдет — Кыргызстан менен союздаш, стратегиялык өнөктөш, коңшу жана башка мамлекеттер менен карым-катнаштарды бекемдеп, өнүктүрүү.

Евразиялык экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму, Шанхай кызматташтык Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши сыяктуу аймактык интеграциялык бирикмелер менен кызматташтыгыбыз кеңейүүдө.

Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык Уюму менен өнөктөштүккө өзгөчө маани беребиз.

Эл аралык кырдаалдагы жаңы чакырыктар биздин дипломаттардан жоопкерчиликти, мекенчилдикти, кеңири көз карашты, билимди, жогорку маданиятты талап кылат.

Сиздер бул милдетти абийирдүүлүк менен аткарып келесиздер.

Мамлекет мындан ары да дипломатиялык кызматтын кадыр-баркын бекемдей берет. Кызматкерлердин кесиптик жактан өсүүсүнө өбөлгө түзүү, жаңы формациядагы дипломаттарды даярдоо — көңүл борборундагы маселе.

Урматтуу Кыргыз дипломатиясынын ардагерлери!

Сиздер өлкөбүздөн өнүгүүсүнө жеке салымыңарды кошуп,  дипломаттардын бир нече муунун татыктуу тарбияладыңыздар.

Сиздердин мекенибизге арналган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазылыгымды билдирем!

Урматтуу дипломаттар!

Сиздерге Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоодо ийгиликтерди, бекем ден-соолук жана  жетишкендиктерди каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: