Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен Жапониянын юстиция министри Кацуюки Каваи жолугушту. Бул тууралуу 25-октябрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз жарандарынын Жапонияда иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Ч.Айдарбеков Кыргызстанда жапондук компанияларда иштөө үчүн идиреги бар кадрларды даярдоо потенциалы бар экенин айтып берди. Ал эми К.Каваи 5 жыл аралыгында курулуш, калкты тейлөө, автоунааларга кызмат көрсөтүү тармактары боюнча 345 миң 150 виза берилүү планы бар экенин айтты.
Жолугушуунун негизинде бул маселе боюнча кошумча сүйлөшүүлөрдү кылуу керектиги менен аякташты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ