Бул сөздөрдү 31-октябрда депутат ЖК жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, айыпталып жаткандарды алгач СИЗОго олтургузушат да, анан кайсыл бир сумманы укук коргоо структураларына которууну талап кылып, антикоррупциялык эсепти толтуруп жатышкан экен.
“Эч ким түрмөгө олтургусу келбейт, анан коммерсанттар тергөө менен ушинтип сүйлөшүп алып жатышат. Бул туура эмес. Мындай айыпталуучулар сотко чейин өндүрүштө үй камагында болушу керек же өлкөдөн чыгып кетпөөгө кол коюп берүүгө тийиш”, – деди Дастан Бекешов.
Ошондой эле УКМКнын СИЗОсун камсыздоого 100 миллиондогон сомдор корогонун, Жаза аткаруунун СИЗОсуна 200 млн сом кеткенин, депутат 300 млн сомду тергөө камагына коротуу керектигин кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ