Menu

Партиялар да “курмандыкка” чалынат

Бөлүшүү:

Коңшу Казакстанда учурда кайсыл партиянын доору сүрүп турат? Албетте, Назарбаев түптөп алган “Нур-Отан” партиясынын кубаттуулугу ченемсиз экенин эскерте кетели. Нуракеңдин көзү тирүү турганда бул партиянын бир тал чачы жерге себепсиз түшпөйт. Демек, башлардын алы бул партияга жетпейт. Ал эми орустардын болсо “Единая Россия” деген партисы далайдан бери бийликти колуна мыкчып келатат. Владимир Путин турганда мунун да заманы сүрө берет.

Бизде партиялардын турмушу кандай болду? Башында түптөлгөн Акаевдин “Алга Кыргызстаны” 2005-жылы мартта жалп этип өчтү. Бакиевге таандык “Ак Жол” партиясынын шымы 2010-жылы шыпырылды. Ушул эки партияда шапар тээп жүргөндөрдүн тагдыры не болду деген суроонун жообу даяр. Эптегендер дале болсо бийик кызматтарда, кээ бирөөлөрү азыр парламентте отурат эч нерсени билбегендей. Сайдылда Нышанов, Улукбек Ормонов, Алтынбек Сулайманов, Азизбек Турсунбаев сыяктуу депутаттар башында ошол аты аталган партиялардын сабында жүрүшкөн. Эми болсо авангард болуп келе жаткан КСДПнын тагдыры кыр башында турат. Аны “курмандыкка” чалууга батынгандар жеңдерин түргөн кездери. Көрсө лидери жок партияны сомдоп коюу иттен оңой тура. Ким билет, бир кезде даңазалуу партияны жандандыруу маселеси жаралып калаар? Же мурдагылардын кейпин кийип калабы, фаворит болуп жүргөн КСДП. Баса, азыр “Биримдик” деген партиянын арааны ачылып баратат деген имиш тарады чуулдаган бойдон. Ошого мурдун батырууга далай байлар түн уйкусунан калганы да жамакталып айтылууда. Жөн жерден шыбыш чыкпайт, бир балээси бар го жабышкан…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: