Menu

Фото – Европа Бирлиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 10-жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Европа Бирлиги (ЕБ) менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин кезектеги 10-жыйыны болуп өттү. Жыйынга кеңештин мүчөлөрү, КР министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Жыйындын жүрүшүндө ЕБнын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты  боюнча Жогорку өкүлү Ф.Могеринин сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды аткаруунун жүрүшү, ошондой эле Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасы үчүн 2014-2020-жылдарга Көп жылдык индикативдүү программасы жөнүндө маселелер каралды. Кеңештин мүчөлөрү ЕБнын КР үчүн 2021-2027-жылдарга жаңы программасын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана бир катар сунуштарды кубатташты.

Ведомстволор аралык маалыматтык алмашууну өркүндөтүүгө жана ЕБнын КРдагы программалары жана долбоорлору боюнча маалымат базасын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Баңгизаттарды таркатууга каршы күрөшүү боюнча «КАДАП» Регионалдык программасынын 6-фазасын жана «БОМКА» регионалдык программасынын 9-фазасын ишке ашыруу жөнүндө маалымат угулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: