Menu

Видео – Каныбек Иманалиев: «Кыргыздын тарыхында Абдыкадыр Орозбеков гана биринчи спикер, биринчи премьер-министр, биринчи президент болгон, ал башкарган жылдары кыргыздын сабаттуулугу 1%дан 67%га көтөрүлгөн”

Бөлүшүү:

“Кыргыздын тарыхында Абдыкадыр Орозбеков гана биринчи спикер, биринчи премьер-министр, биринчи президент болгон, ал башкарган жылдары кыргыздын сабаттуулугу 1%дан 67%га чейин көтөрүлгөн», деп билдирди бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеӊеште көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук-саясый ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесине арналган илимий-тажрыйбалык конференцияда депутат Каныбек Иманалиев.

Депутат Каныбек Иманалиев Абдыкадыр Орозбековдун аты биринчи делген жети тарыхый окуяга байланыштуу экенин тизмектеп берди. Анын айтымында, А.Орозбеков Кыргыз ССРинин биринчи уюштуруу курултайынын 1-спикери болгон. Ошондой эле ошол мезгилдеги аты башкача аталса дагы бүгүнкү түшүнүк менен биринчи премьер-министр, биринчи президент кызматтарында болгонун айтты. Мындан сырткары, Кыргыз ССРинин биринчи Конституциясын иштеп чыгууга катышканын, анын мезгилинде алгач жолу араб арибинен латын арибине өтүү маселеси чечилгенин тизмектеди.

Депутат К.Иманалиев Абдыкадыр Орозбековдун башкаруу мезгилинде КР ССРинде билим сапаты 68%га көтөрүлгөндүгүн баса белгиледи. Эл өкүлү өз сөзүндө бүгүнкү күндө дагы улуттук аӊ-сезимди көтөрүү артта калып жатканына токтолуп, бир топ кесиптештери менен чогуу жалпы эле репресссия курмандыктары болгон мамлекет түптөөчүлөргө татыктуу баа берүү, алардын арбагын ыраазы кылып, аттарын аздектөө боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлгандыгын маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: