Буга чейин Футбол федерациясы стадионго батпай калган күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштурулаарын билдирген. Футбол оюнуна кире албай, билетке жетпей калган күйөрмандар үчүн атайын аянт ачылганын айтышты.
Алардын айтымында, Кыргызстан менен Жапониянын футболчуларынын беттешин күйөрмандар эски аянттагы чоң экрандан көрө алышат. Футбол оюну түз алып берилет. Алар үчүн атайын шоу-программалар уюштурулат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн шоу-программалар, баалуу белектер бериле турган конкурстар, кейтеринг (швед столу) уюштурулуп, дагы башка шарттар каралат. Футбол көрүүчүлөр үчүн эшик 15:15те ачылат. Ал эми матч 14-ноябрда, саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.
Эске сала кетсек, Жапониянын футбол боюнча курама командасы жана өкүлдөрү 11-ноябрда Кыргызстанга учуп келишкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ