Menu

Авланбек Жумабаев, медиа эксперт: “Сөз эркиндиги туруктуу эмес, бүгүн бар болсо, эртең жок болуп калышы ыктымал…”

Бөлүшүү:

Журналисттер күнүн утурлай медиа эксперт Авланбек Жумабаевди кепке тартып, сөз эркиндигинин айланасында ой бөлүшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

-Авланбек мырза, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, сөз эркиндигине кысым жок дегенге ишенсек болобу?

-Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Бул талашсыз нерсе. Кошуна мамлекеттердин журналистгерине жолугуп калган учурда биздин сөз эркиндигибизге суктанышат. Бирок, бизде сөз эркиндиги бар, баары жайында деп өзүбүздү өзүбуз жоошутуп отура бербешибиз керек. Себеби, сөз эркиндиги туруктуу түшүнүк эмес. Бүгүн бар болсо, эртең жок болуп калышы мүмкүн. Эртең бар болсо, бүрсүгүнү жок болуп калышы ыктымал. Ошондуктан, биз сөз эркиндигинин үстүндө дайым иштеп, ага коркунуч жаралса, бууп коюу аракети башталса каршы чыгып, сөз эркиндигин талап кылып турушубуз керек.

-Сөз эркиндигинин болушу мамлекет үчүн маанилүүбү?

-Албетте, сөз эркиндигинин болушу мамлекет үчүн өтө маанилүү. Сөз эркиндиги мамлекет жетекчилеринин иш алып барышына да эбегейсиз жардам берет. Анткени, мамлекет жетекчилери бардык структураларды көзөмөлдөп, бардык жерге дүрбү салып карап отура албайт. Ошон үчүн мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизе турган терс көрүнүштөрдү, коррупциялык схемаларды көп эле учарда байкабай калат. Мындай учурда журналисттер коомдун санитары катарында жардамга келет. Тагыраак айтканда, журналисттер терс көрүнүштөрдү жазып, айтып чыгып, бийликтин ишинин илгерилешине салым кошот. Кыскасы, сөз эркиндиги мамлекетке зыянын тийгизген жагымсыз жагдайларды чектегенге, азайтканга жардам берет.

-Бийлик сөз эркиндигин коргоп жатабы же кордоп жатабы?

-Сөз эркиндигинин тарыхында ар кандай көрүнүштөргө күбө болуп келе жатабыз. Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигин бууганга аракет кылып, журналисттерди ур-тепкиге алып, күч колдонгон да учурлар болгон. Ал тургай журналистгер алган жаракатынан каза болуп калган окуялар да катталган. Акыркы жылдары элди, мамлекетти башкарган чоң-чоң жетекчилер чөнтөк соттордун жардамы менен журналисттердин мойнуна миллиондорду илишкен жагдайлар да болду. Кыскасы, сөз эркиндиги ушундай кыйын кырдаалдарга кабылып, бирде эркиндикке жетсе, бирде кысымга алынган мезгилдерди басып өттү.

-Саясатчылардын басылмаларды сотко берип, миллиондорго доого жыкканы сөз эркиндигин муунтканга тете иш эмеспи?

-Саясатчылар, коррупционерлер кылгылыктын баарын кылып коюп, журналисттер жазган сөзгө башкача мамиле кыла албай чөнтөк соттордун арты менен журналисттерди кордоп, 10-15-20 миң айлык алып, эптеп жан сактап, үй-бүлөсүн багып жаткан журналисттерге миллиондогон айыптарды салганы сөз эркиндигин басмырлоонун бир түрү десек болот.

-Акыркы мезгилде журналисттердин коопсуздугу деген маселе көбүрөөк көтөрүлө баштады. Негизи журналисттердин коопсуздугуна ким жооп бериши керек?

-Кыргызстанда журналисттердин коопсуздугуна сөзсүз түрдө мамлекетти башкарып жаткандар жооп бериши керек. Алар журналисттердин коопсуздугуна эмес, бүтүндөй мамлекеттеги бардык иштер үчүн жооптуу. Ошол эле учурда журналисттер да идеалдуу деңгээлде иштеп жатат деген ойдон алысмын. Андыктан, журналисттер дагы өзүнүн этикасынын чегинде иш алып барышы керек. Мына ушул багытта журналисттер өзүн өзү башкаруу уюмдарын жана ар кандай аянтчаларды түзүп, өз тармагыбыздагы проблемаларды, кемчиликтерди талкуулап, журналисттердин укуктарын коргогон медиа уюмдар менен иш алып барып жатабыз. Кыскасы, Кыргызстандагы журналистиканын абалын жакшыртып, деңгзэлин жогорулатууга болгон аракетибизди, мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап атабыз.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: