Документи жок күйүүчү май ташып келе жаткан айдоочу Талас облусунда кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтынын басма сөз кызматы бүгүн, 15-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, рейд учурунда «Мерседес Бенз Спринтер 313» машинаны токтотушкан. Андан 3 тонна күйүүчү май табылган. Ал боюнча документти айдоочудан сураса, көрсөтө алган эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ