Menu

Максаты жок адамдар көп уктайбы?

Бөлүшүү:

Уйку-организмдин мезгил-мезгили менен болуп туруучу физиологиялык абалы, ал физиологиялык процесстердин басаңдашы, чөйрөнүн таасирине реакциянын төмөндөшү менен мүнөздөлөт.

Мында организмдин ишке жөндөмү, айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жүрөктүн иштеши, дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу. Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».

Ыңгайлуу уйку

Толук эс алуу жана көпкө созулган уйку ыңгайлуу төшөктө гана мүмкүн. Төшөктү таза кармап, мезгил-мезгили менен кагып, чаңдан арылтып, матрац, жаздыктарды көбүрөөк желдетип, күнгө кактоо зарыл. Кыймыл жана дем алууга тоскоол кылбаган ич кийим кийип жатуу керек. Уктаганда чүмкөнүп жатууга болбойт, ал дем алууну кыйындатат. Уктоочу бөлмөдөгү аба таза болууга тийиш, күн жылуу мезгилде терезени ачып, кышкысын уктарда бөлмөнү желдетип же форточканы ачып коюу сунуш кылынат. Уктаардын алдында 10-15 мин. сейилдөө абдан пайдалуу, ал нерв системасын эс алдырат. Уйкунун алдында ваннага түшүү же бутту ваннага (ысык эмес) салуу да жакшы. Тамакка абдан тоюп же ачка жатса да, уйку тынчсыз болуп, ар кандай түш көрөт. Ошондуктан уйкунун алдында майлуу эмес, эти азыраак тамак жеп, кофе же чайды көп ичпей жатуу талапка ылайык. Уктарда тамеки тартпоо керек.

Жакшы уйкунун натыйжасы

Жакшы уйку кишинин ишке жөндөмдүүлүгү менен ден соолугун бир калыпта кармоодо абдан маанилүү. Уйкунун узактыгы жаш өткөн сайын азаят, мисалы, 1 жашка чейинки бала суткасына 18, чоң киши 7—8 саат, улгайганда андан да аз уктайт. Кээ бир кишилердин уйкусу тиешелүү убакытка созулса да, уйкусу канбай калат. Мындай терең эмес, тынчсыз уйку акыл эмгеги менен көп иштегенде же абдан кызыктуу китеп окуганда болот. Терең уйкуда түш көрбөйт. Мындай уйку нерв клеткаларын абдан жакшы калыбына келтирет. Бирок жакшы, терең уйкуда мээ кыртышынын клеткаларынын бардыгы эле бир өңчөй тормоздолбойт. Уйку канчалык катуу болсо да, уктаган киши кээ бир дүүлүктүргүчтөргө сезгич келет. Мисалы, эне чарчап катуу уктаганда кыйкырыкты, түрткөндү сезбейт, ал эми баласы акырын эле ыйласа ойгонот. Киши дайыма жетишсиз уктаганда ишке жөндөмдүүлүгү, нерв системаларынын абалы начарлайт. Көп учурда уйкунун бузулушу (уйку басуу же уйку качуу) оорунун белгиси болушу мүмкүн. Ал учурда врачка кайрылуу зарыл.

Уйкуга канбай калуунун себептери

Туура эмес кечки тамактануу

Айрыкча дан азыктары жана шириндиктер тамакты туура эмес сиңирет. Бул организмде токсиндерди (зыяндуу заттарды) көбөйтүп, эс алуу болбогондой сезим калтырат. Эрте менен ооздун ичинде жагымсыз даам сезилип турат. Ошондой эле кечки тамакты өтө кечеңдетүү да уйкуга таасир берет. Ал учурда ичте оору пайда болуп, адам ды алсыратат жана эрте мененки маанайдын жок болушуна негиз болуп берет. Андыктан, кечки тамактанууну күн баткан маалга белгилөө зыянсыз. Бул албетте тамактын жакшы синүүсүн негиздейт.

Өз эркин башкара албоо

Кечинде жатарда, эртеңки убакытын пландабаган адам таңда ойгонууга шашпайт. Жада калса алар төшөктө оонап жата бергенди же оронуп отура бергенди жактырышат. Бул адамдын эркинин башкара албаганынан келип чыгып, жашоо тонусун төмөндөтөт. Бул типтеги адамдар өзгөруүгө аракет кылышпаса, анда ар бир күнүң ушундай багыт менен өткөрө бериши ыктымал.

Өтө жылуу жана жумшак төшөк

Ошондой эле бөлмөдөгү дем болуп кеткен, өтө ысык температурадагы бөлмө.

Кечинде болгон ызы-чуу, уруш-талаш

Адамдын эртең менен ойгоно албай кыйналышына уруш-талаш, ызы-чуулар да себеп болот. Кечинде трагедиялык жаңылыктарды көрүп, триллер, детектив кинолорду көрүп уктаган адам таңда оорлошуп калат. Бул нерселер адамдардын нерв системасын чыңалтып жиберет. Алар уйкусу канбагандыкка шылтоолоп, кеч жатып түш ченде ойгонсо деле эс алып кала алышпайт. Алардын маанайы күн бою эң төмөнкү баскычта болуп турары бышык.

Уйкуну бакыт деп эсептегендик

Жашоодо максатсыз жашаган кишилер уйкуга тойбойт. Анткени алар жаңы ийгиликтерге жетүүнү максат кылбайт, бакыт издебейт. Мындай адамдар үчүн эртең менен жумшак төшөктө жатуу – эң чоң «бакыт».

Уктоочу бөлмөдө тамактануу

Уктоочу бөлмөгө тамак бышырып, тамактанып же тамактын калдыктарын калтырып койсо, мындай абал адамдын сезүүсүн кордоп, уйкусун бузат.

Кечинде кимдир бирөөнү капа кылып алуу

Эгерде уктаар алдында кимдир бирөөнү капалантып алсаңыз, анда кечирим сурап жатканыңыз оң. Анан да жаман ойлордон алыс болуп уктоо керек. Жатып эле дароо уктап калуу да туура эмес. Ошол күндүн жыйынтыгын чыгарыңыз, ар бир нерсени таразалап жакшы ниет менен уктаңыз. Бул эртең мененки маанайыңыздын эң мыкты себепчиси болуп бере алат.

Уйкуга каныкпай жүрүү эмнеге алып келиши мүмкүн?

Сырткы келбеттин өзгөрүүсү

Стокгольмдагы Королин институтунун окумуштуулары изилдөөлөр натыйжасында бул нерсени тастыктап чыгышты. Он адам катышкан изилдөөдө ар бири 31 саат уктабай отурушкан. Ар бирин ар кандай саатта сүрөткө тартып алышкан. Жыйынтыгында, барлык катышуучулар оорукчан, маанайы жок, бактысыз абалда көрунүшкөн. Ал эми көп убакыттан бери чала уйку болуп жүргөн адамдардын жүзү кубарып, эриндеринин бурчтары төмөн карап, көз алдында шишик пайда болуп жана башка өзгөрүүлөр болору бышык.

Мас абалда жүргөндөй туюлат

17 саат уктабай жүргөн адамдын абалы мас кишидей болот. Канынын составында 0,05% алкоголь бардай болуп калат. Башкача айтканда, уйкуга каныкпай калганда адам өз көңүлүн топтой албайт. Ой жугуртүусү начарлап жооп берүү реакциясы төмөндөйт.

Чыгармачылык жөндөмдүулүк жоголот

Мисалы, сиз кандайдыр бир проект менен иштеп жатасыз дейли. Толук кандуу уктай албай жүрсөңүз, анда жыйынтыгы сиз каалагандан болбой калышы толук мүмкүн. Мындай чечим, 1987-жылы британиялык психологдордун изилдөөсүнө таянып чыгарылган. Изилдөө аскер кызматкерлеринде жүргүзүлгөн, 2 күн уктабай жүргөндөн кийин аскерлер туура багыт таба албай, жаңы пландарды ойлоп табуу жөндөмдүүлүгү жоголгон.

Кан басымы жогорулайт

Ошондуктан кан басымы бар адамдар үчүн уйку режимин сактоосу зарыл.

Интеллектуалдык жөндөм төмөндөйт

Бир гана интеллект эмес, эс тутум да начарлайт. Бул иштеп жүргөн адамдар үчүн терс таасирин тийгизүүсүнө негиз болуп берет.

Оору пайда болуу коркунучу көбөйөт

Уйку мезгилинде организмде цитокиндер (иммунитетти көтөрүүчү белоктор) көбөйөт. Булар вирус, микроорганизмлер менен курөшүп, ооруларга туруктуулукту камсыздап турушат. Уйкусу канбай жүргөн адам ар кандай ооруларга бат кабылып, айыгуусун да кечеңдетет.

Тез картайууга алып келет

Косметика каражаттарына каалаганча акча жумшап жаш жүрүүнү самасаңыз да, эгерде уйку режими сакталбаган болсо баары пайдасыз. Уйкусу канбаган адам дайыма стресс абалда жүрөт, бул организмдеги кортизол гормонун көп өлчөмдө чыгарылуусуна өбөлгө түзүп, теринин картаюусуна шарт түзөт. Ошол себептен уйкусу канбаган адам өзүнүн жаш курагынан эки эсе эрте кары көрүнөрү бышык.

Ашыкча салмак

Аз уктаган адамдар ашыкча салмак кошууга 73 пайызга шарты жогору.

Үшүкчүлдүк артат

Чала уйку зат алмашуу жүрүшүн бузуп, дене табын төмөндөтөт. Мындай адамдар ар кандай температура алмашууларда бат муздап калышат.

Психиканын бузулушу

Изилдөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгондой, жакшы уктабаган адамдар кадимкидей адамдарга караганда 4 эсе психикалык ооруларга кабылышы мүмкүн. Мындай адамдар көбүнчө суицидге барышат. Эмоционалдык туруксуздук жаралат. Начар уктаган адамдар коркунуч жана тынчсыздануу сезимине көп кабылышат.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: