Коңшу Өзбекстан мамлекети акыркы 8 ай ичинде Кыргызстанга 25 млн долларга өздөрүнүн жер-жемишин импорттогон. Былтыр бул коңшу мамлекет менен картошка сатуу боюнча келишимдерди тузүп, бирок андан майнап чыккан эмес. Аларга ишенген кыргыз тарап картошкаларын сата албай, бир топ аймакты картошка чириндиге айланган. Кыргызстанга Өзбекстандан көп товар импорттолот. Кыргызстанга Өзбекстандан келген импорттун көлөмү 2019-жылдын январь-август айларында 42 млн долларды тузгөн. Жер-жемиштерден тышкары Өзбекстандан Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмү: – 4,2 млн долларга жер семирткичтер, 11,8 млн долларга – кийим жана кийимге керектүүлөр, 19,9 млн долларга – жемиш жана жаңгактар, 6,2 млн долларга – жемиштер.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ