27-ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында имаратты оңдоп-түздөө иштери боюнча Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышкан жыйын болуп өттү. Бул тууралуу 28-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында театрдын реалдуу абалына байланышкан маселелер талкууланды, театр имаратынын тегерегиндеги курулуштарды алып салуу жана театрда иштегендердин шартын жакшыртуу каралды.
Маалыматка ылайык, долбоордун смета документтери даяр. Жакынкы күндөрү ремонт иштери башталат.
Эскерте кетсек, президенттин демилгеси менен бир нече драмалык театрларды толугу менен оңдоп-түздөөгө июлда 198 млн сом бөлүнгөн. Орус драмтеатрына 97 млн 658,3 миң сом каралган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ