Эки күн мурун “журналист Саламат Жамалбекова рак оорусунан каза болду”,- деп айрым сайт жазса, аны көчүрүп алып, кээ бир сайттар да таратып жиберген. Ал маалымат жалган болуп чыкты. Себеби, Саламат Жаманбекова өзү ал боюнча «Баракелдеге» бүгүн, 28-ноябрда маек куруп берди.
Анын айтымында, ал «Манас жаңырыгы» радиосунда журналист болуп иштейт, 24 жашта. Эч качан рак оорусу менен ооруган эмес. Ал мындан 4 ай мурун М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда сокур ичеги болуп, операция жасатып, 10 күн жатып чыкканын, ошондон улам 3 ай эфирге чыкпай калганын, жалган маалыматты үйүндө жүргөндө угуп, шок болгонун, жаман кабарды ата-энеси өтө оор кабыл алганын айтып берген.
Ал жалган маалымат жазган жана аны тараткан журналисттерге нааразы болгону менен аларды кечиргенин билдирген. «Эгерде өзүм дагы бул кесиптин ээси болбогонумда милицияга арыз жазмакмын. Такталбаган маалымат жазган сайттардын кабарчыларын кечирдим. Бул баарына сабак болот деп ойлойм. Ал эми жалган маалыматты элге тараткан адамдын ким экенин тактайм”,-деген С.Жаманбекова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ