Menu

“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жабылыш аземи өтөт

Бөлүшүү:

29-30-ноябрь күндөрү “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жабылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу жабылыш азем С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында кеңири коомчулуктун катышуусу менен өтөт.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин 37- отуруму өтөт. Жыйынга “Түрксой” уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин маданият министрлеринин катышуусу күтүлүүдө. Түрксой уюмуна мүчө мамлекеттер болуп: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан, ал эми, байкоочу мамлекет катары Алтай (РФ) Гагаузия, Башкортостан, Хакасия (РФ), Саха Республикасы (РФ), Татарстан (РФ) Тыва, (РФ) жана Кипр болуп эсептелет.

“Түрксой” уюмунун туруктуу кеңеши өз жыйынын 1993-жылдан бери өткөрүп келет. Жыйында маданият министрлер түрк дүйнөсүнүн маданий саясатын жүргүзүүнү макулдашуу максатында тегерек столго чогулуп, маданий кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча приоритеттүү чечимдерди кабыл алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: