“Манас” эпосунун күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эртең, 4-декабрда саат 11:00 Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө “Залкар Манасчы” тасмасынын бет ачаары, Мамбет Чокморов, Акылбек Манасчы жана Чоюке Өмүр уулу тууралуу тасмалар тартууланат.
Ал эми саат 13:30дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде, Манас эпосунун урунттуу жерлерин чагылдырган көркөм жана прикладтык сүрөт өнөр көргөзмөсү коюлат.
Ал эми, 14:00дө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган “Кагылайын Манасым” театрлаштырылган пролог тартууланып, аны концерттик программа коштойт.
Мындан сырткары, иш чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жаш манасчылар арасында жарыяланган республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ