Мындан бир топ жыл мурда ордо калаанын четинде жайгашкан ВДНХнын жери имараттары менен кошо ижарага берилип кеткен. Корей ишкерлеринин имараттарды калыбына келтирип беребиз, ижара акысын өз маалында төлөп турабыз деген убадалары бар болчу, азыркыга чейин алардын андай убадаларынын бири дагы аткарылган жок. Бишкек шаарынын бюджетине бир да тыйын түшкөн эмес. Тилекке каршы, мэрия тарабынан да ушул кезге чейин тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес. Бул тууралуу депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
«Өзүңүздөр жакшы билесиздер, ордо калаанын тургундары меймандары менен бирге ВДНХга сейилдеп барып, өлкөнүн айыл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөлөрү, ар кандай багыттагы майрамдык маданий иш-чаралар менен таанышып турушчу. Мындайча айтканда, ал жер Бишкек шаарынын ири маданий очокторунун бир болчу, азыр андан айрылып калдык. Мэриянын алы келбей калды, эми Өкмөт бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керек», – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ