Бүгүн, 10-декабрда психиатриялык экспертизадан экс-президент Алмазбек Атамбаев баш тартса, ЖК депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова өттү. Бул тууралуу КДПКнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, УКМК абагында отурган Алмазбек Атамбаевге психиатр врачтар барып, суроо берели десе, экс-президент андан баш тартып койгон. Ал эми депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова психиатриялык экспертизадан өтүшкөн. Алардын айтымында, текшерүү аңгемелешүү формада өткөн. Анын жыйынтыгы он күндөн кийин даяр болот.
Эске сала кетсек, кечээ, 9-декабрда ИИМ 16 шектүүгө карата, анын ичинде Алмазбек Атамбаевге дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыкканы боюнча билдирүү тараткан. Бүгүн, 10-декабрда, эртең менен Ирина Карамушкина экспертизага барарын билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ