Эртең, 11-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда түнкүсүн жука кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгалак болот. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору билдирди.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда: түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Талас облусунда: түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Баткен облусунда: түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Ош жана Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -1…+6, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда: түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ