Menu

Тынчтык Шайназаров: “Мамкомиссия Атамбаев жана анын тарапташтары өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Мамкомиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров 2019-жылдын 7-8-декабрында Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча бир топ адамдардан, бир катар укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн түшүнүк алынганын, окуяга байланыштуу көптөгөн маалыматтар чогултулганын, окуя болгон айылдын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, комиссиянын ишине мамлекеттик органдардын тажрыйбалуу кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

«Иликтөө жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле, Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митиг уюштуруп, баш-аламандык уюштурушкусу келген. Бирок, укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок», – деди ал.

Эске салсак, 7-8-декабрь күндөрү өз тарапташтырына калкалануу менен үйүндө бекенип алган Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Ошондон улам, бул факты Кылмыштардын бирдиктүү тизмесине катталып, Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: